ЫСЫК-КӨЛ: Турак үйдү суу каптоо коркунучу жоюлду

ЫСЫК-КӨЛ: ТУРАК ҮЙДҮ СУУ КАПТОО КОРКУНУЧУ ЖОЮЛДУ
📌Каракол шаарынын Карасаев көчөсүндөгү ” Каракол” чоң суусу тоңуп, муз астындагы суу турак үйдү каптап жаткандыгы тууралуу саат 22:30да маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө Каракол шаардык №15 өрткө каршы- куткаруу бөлүмүнүн 6 куткаруучусу тартылып, түнү менен муузду чагышып суунун нугун буруу аракетин көрүшкөн. Аба-ырайынын кескин суук жана түн ичи болгондуктан, куткаруучулар жетиштүү деңгээлде ишти аткарып бүтө алышкан эмес. Буга байланыштуу бүгүн да аталган жерге куткаруучулар барып, тийиштүү иш-аракетти жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучу жоюлду.
⤵️
Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жана келтирилген материалдык чыгымдар жок.