Ысык-Көл: Турбазадан өрт чыгып, бир адам каза болду

ЫСЫК-КӨЛ: ТУРБАЗАДАН ӨРТ ЧЫГЫП, БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ
22-январда Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылына караштуу “Улан” турбазасынын өткөрмө пункту күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Өрт кырсыгы катталган дарекке Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 18:38де чектөөгө алынып, 19:15те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 74 жаштагы К.А. аттуу эркек 90% денеси күйүп, 4 даражадагы күйүк алган, ооруканага жеткирилип, ооруканадан каза болуп калган.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.