Ыссык-Көл: Өздүк курам менен жолугушуу өткөрдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Мирлан Карабаев облустагы шаардык жана райондук ӨК бөлүмдөрүн кыдырып, өздүк курамы менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында куткаруучулар иштеген мекемелердин жана техникалардын абалы менен таанышты. Башкармалыктын жетекчиси өздүк курам менен көйгөйлүү маселелердин тегерегинде пикир алышты.

Эске салсак, полковник Мирлан Карабаев Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругунун негизинде ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Буга чейин Ош шаарынын 81497 аскердик бөлүк республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын башчысы болуп кызмат өтөгөн.