Ысык-Көл: Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкери жайлоодогу малчылардын абалынан кабар алды

ЫСЫК-КӨЛ: ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТКЕРИ ЖАЙЛООДОГУ МАЛЧЫЛАРДЫН АБАЛЫНАН КАБАР АЛДЫ
Үстүбүздөгү жылдын 23-майынан 24-майга караган түнү аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Күн-Чыгыш, Кѳл-Тѳр, Б.Мамбетов, Тоң жана Төрт-Күл айыл аймагынын жайлоолорунда нөшөрлүү жааган жамгырдан, кардан улам, малчылардын малынан чыгымдар катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Малчы-чабандаодан абалынан кабар алууга Ысык-Көл облустук ӨК башкармалыгынын Тоң райондук №38 бөлүгүнөн 1 офицер, райондук мал чарба адиси тартылган. Малчылардын абалынан жана мал-жандыктардан кабар алышкан.
Ал эми Күн-Чыгыш айыл аймагына тиешелүү “Жазы кечүү” жайлоосуна жергиликтүү эл малчыларга 200 түк тоют жеткиришкен. Ал эми башка айыл аймагынын жайлоолорунда кар ээрип кеткен.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
(Иллюстрациялык сүрөт колдонулду)