Ысык-Көл: Жаңы-Арык айылынын кичинекей тургундары изделүүдө

Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын кичинекей тургундары үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Алар 4 жаштагы А.Б., 5 жаштагы Ш.А. жана 7 жаштагы Ш.А. аттуу жаш балдарды издөө издөө иштерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.
Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды.
Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.
(Иллюстрациялык сүрөт колдонулду)