Ысык-Көл: Жай. Туристтик сезон. Эскертүүлөр берилди

Бүгүн, 16-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жайкы туристтик мезгилге байланыштуу Түп районунда жайгашкан пансионаттарды, санаторийлерди жана жеке менчик эс алуу үйлөрүн кыдырышты.

Көл жээгине келген ар бир эс алуучунун коопсуздугун камсыздоо максатында эс алуу үйлөрүнүн даярдыгы текшерилди. Ар бир пансионатка, эс алуу үйлөрүнө өрт өчүрүүдөгү алгачкы колдонуучу жабдыктарды толуктоо, көл жээктерде эскертүүчү такталарды орнотуу жана башка кемчиликтерди иретке келтирүүнү эскертишти.