Ысык-Көл: Жардам көрсөтүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү
ЫСЫК-КӨЛ: ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунун жана Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн адистери 13-14-февралда район аймагында коопсуздук темасына байланышкан иш-чараларды уюштурушту.
Атай кетсек, облустун аймагындагы банктарга, билим берүү мекемелерине, бала бакчалардын тарбиячыларына, мугалимдерге, окуучуларга жер титирөө жана өрт кырсыгы катталганда адамдарды коопсуз жайларга эвакуациялоо, кырсык учурунда өзүн алып жүрүүнү түшүндүрүштү.
Иш-чаранын катышуучулары алгачкы өрт өчүрүүчү жана куткаруу шаймандары менен таанышышты. Мындан сырткары кырсыктан жабыркаган адамдардын өмүрүн сактоо, алгачкы жардамдарды көрсөтүү ыкмаларын тажрыйба жүзүндө көрүштү.







