Ысык-Көл: Жер титирөөнүн күчү 5 баллга жетти
ЫСЫК-КӨЛ: ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН КҮЧҮ 5 БАЛЛГА ЖЕТТИ
Бүгун Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, таңкы саат 6:10до Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Каракол айылында 5 балл, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 3 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.