Ысык-Көл: жол кырсыгынан 2 адам жабыркады
Бишкек-Балыкчы-Каракол унаа жолунун 156-чакырымында жол кырсыгы катталды.
Такталган маалымат боюнча, хонда аккорд үлгүсүндөгү автоунанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы эки жаран жаракат алган. Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨККБнөн 3 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришти.