Ысык-Көл: Жол кырсыгынан эки адам каза болду
Бүгүн, 3-августта саат 7:40 чамаларында Балыкчы –Ананьево – Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана MITSUBISHI үлгүсүндөгү унаалар кагылышты.
Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Жол кырсыгында жалпы 23 адам кырсыкка учурап, жаракат алган 3 адам Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген. Жеринде каза болгон эки адамдын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине куткаручуулар өткөрүп беришкен.

