Ысык-Көл: Жылуу Булак айылында 700 түк тоют күйдү

ЫСЫК-КӨЛ: ЖЫЛУУ БУЛАК АЙЫЛЫНДА 700 ТҮК ТОЮТ КҮЙДҮ
Кечээ, 26-декабрда Түп районунун Жылуу Булак айылынын Сыдыкбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короосунда чөп өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрт кырсыгы катталган дарекке Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылган. Тилсиз жоо саат 12:30да чектөөгө алынып, 15:47де толугу менен өчүрүлгөн.
Натыйжада жалпысынан 500 түк чөп, 200 түк саман жана 60 чарчы метрлик чөпкана күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.