Ысык-Көлдүк куткаручуулар ишембиликте
КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы жана шаардык, райондук ӨК бөлүмдөрүнүн өздүк курамы ишембиликке катышты.
“Таза мурас” атайын долбооруна ылайык мекемелердин, жол жээктеринин дегеле, айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Мындай иш чаралар ар ишемби күнү өткөрүлүп келет.