Ысык-Көлдүк куткаруучулар сыноодон өтүштү

КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын шаар, райондук бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана кызматкерлери аттестациядан өтүштү.
Аттестацияда 3 чакырым аралыкка чуркоо, тартынуу, күжүрмөн жайылтуу жана атайын тактикалык даярдык боюнча сыноолор өткөрүлүп, зачеттор тапшырылды.
Андан тышкары кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна дал келгендигин тастыктоо максатында тесттер алынды.