“Ысык-Көлдү коргойлу” иш-чарасы жүрүп жатат

“ЫСЫК-КӨЛДҮ КОРГОЙЛУ” ИШ-ЧАРАСЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде “Ысык-Көлдү коргойлу” иш-чарасы үстүбүздөгү жылдын 12- мартынан тарта масштабдуу башталган. Иш-чаранын алкагында Ысык-Көл акваториясынын булганган тилкелерин таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан жүргүзүлүүдө.
Бир жума ичинде жалпы көл бетинен 3800 гектар аянты тазаланып, 2200 кг таштанды жана 1500 метр балык уулоочу тор чыгарылды.
ӨКМдин суучулдары башында турган Көлдү тазалоо жумушчу тобунда КР Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл, Ички иштер жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бар.