Ысык-Көлдүктөр адистештирилген унаалар менен камсыздалышты
ЫСЫК-КӨЛДҮКТӨР АДИСТЕШТИРИЛГЕН УНААЛАР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛЫШТЫ
Ысык-Көл облусунун өрт өчүрүүчү бөлүктөрү жаңы техникалар менен толукталды. 2023-жылдын 13-мартында КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө Кытай эл Республикасынан жана Россия федерациясынан жаңы алынып келинген өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруучу техникаларын расмий тапшыруу аземи болуп өттү.
Жалпысынан 20 техника бөлүнүп анын ичинен 6 тонналык “КамАЗ” үлгүсүндөгү автоунаадан 4, 5 тонналык “ХОВО” үлгүсүндөгү автоунаадан 13, 8 тонаалык “ХОВО СИТРАК” үлгүсүндөгү автоунаадан 1 жана 2 авариялык-куткаруу унаасы тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чарага Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Иманбетов, Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Турат Акимканов жана КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Мирлан Карабаев катышты.


