Ысык-Көлдө кытай жараны изделүүдө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 24-июль күнү саат 13:00 чамасында Кытай Эл Республикасынын 2000-жылы туулган С.Т. аттуу (эркек) жараны Ала-Көл жайлоосунун “Сирота” аталышындагы аймагына чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги тууралуу маалымат ИИМ кызматкерлерине түшкөн. Ал эми ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына 18-август күнү бул тууралуу маалымат ошол эле ИИМ тарабынан келген.
Издөө ишине ӨКМдин кызматкерлери ошол күндөн тарта чыгып, бүгүн аталган жаранды издөө ишине саат 05:00дө Каракол шаардык №15 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.
Маалымат боюнча, 22 жаштагы кытай жараны Бишкек шаарындагы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти.