Ысык-Көлдүн түштүгүндө жер титиреди

Бүгүн, 22-ноябрда Сейсмология институтунун маалыматына ылайык саат 8:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Тоң районунун Ак-Сай, Эшперов, Төрт-Күл, Көк-Сай, Туура-Суу, Тогуз-Булак, Темир-Канат айылындарында 3 балл. Бөкөнбаев, Коңур-Өлөң айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ысык-Көлдүн түштүгүндө жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.