Ысык-Көлдө өрттөн бир жаран каза болду
6-декабрь күнү саат 18:35 чамасында Чолпон-Ата шаарынын, Акматбай-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн аянты 50 ч.м. бөлмөсү толугу менен күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө №31-ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, саат 18:53 өрт чектөөгө алынып толук 20:15 өчүрүлдү.
❗Өрттүн кесепетинен 1958-ж.т. С.В. аттуу эркек киши каза болгон.
Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска чыналуусунан чыккан.