Ысык-Көлдө өтүп жаткан спорттук мелдеште катышуучулардын коопсуздугун ӨКМдин суучулдар тобу камсыз кылууда

Бүгүн Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионатта “Кыргыз Фитнес тобу” тарабынан уюштурулган спорттук мелдештердин сууда сүзүү боюнча түрүндө катышуучулардын коопсуздугун сактап жана коштоп жүрүү үчүн ӨКМдин алдындагы Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун суучулдары, фельдшер жана 1 кыймылдаткыч кайык менен чыгышып, жеринде нускамаларды түшүндүрүп, тийиштүү иш-аракеттерди көрүүдө.
Маалымат катары айта кетсек, “Кыргыз фитнес тобу” 3 жылдан бери “Сергек жашоо образы” урааны астында спорттун дээрлик 10 түрү боюнча мелдештерди өткөрүп келет. Ал эми бүгүн көлдө 500-3704 метрге чейинки аралыкка сүзүү боюнча мелдеш өтүүдө.