Өз өмүрүнө кол салган жаран тууралуу маалымат тастыкталган жок
Бүгүн ӨКМге Биринчи Май району Ч.Айтматов проспектисинин жайгашкан көп кабатту турак үйдүн 10-кабатынан 1 аял киши секирип өз өмүрүн кыюууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, куткаруучулар эки саатка жакын ошол жерден аялды издеп табышкан эмес,
Бул тууралуу чалып билдирген адамдын байланыш номери өчүрүлгөн болуп аныкталды.
ИИМдин кызматкерлери бул маалыматты текшерүүдө.
Өз өмүрүн кыюууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.