Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды

Бүгүн 19-ноябрь күнү саат 15:07де ӨКМге Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имараттан эркек киши секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Куткаруу ишине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, 15:13тө жерине жетишип ИИМ кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында саат 15:30дар чамасында боюн таштайм деген жаран түшүрүлүп, ИИМ жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран мас абалында экендиги аныкталган.