Өздүк курам COVID-19 илдетине каршы вакцина алышты

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратындагы медициналык пунктта өздүк курамды вакциналоо иш-чарасы өттү.

COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында медицина кызматкерлери өздүк курамга вакциналар тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.

Бишкек шаардык №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медицина кызматкерлери ар бир адамдын кан басымын, сатурациясын өлчөп, каалоосуна жараша “Синофарм”, “Файзер” вакциналары менен ӨКМ кызматкерлерин эмдеди.