Өздүк курам тазалоо жумуштарында

Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин жоюунун алкагында Баткен районунун Миң-Булак айылында да тазалоо жүрүп жатат. Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында аталган айылда өрттөлгөн 8 турак үй аныкталып, бүгүнкү күнгө карата ӨКМ куткаруучуларынын кол күч менен тазаланып бүткөрүлдү.
Ал эми Миң-Өрүк участкасында комиссиянын чечими менен аныкталган 37 үй толугу менен тазаланып, 14 турак үй техникалык каражаттардын жардамы менен сүрдүрүлүп тазаланды.