Өзгөчө кырдаал учурунда абалды турукташтырууда күчтөрдүн даярдыгы бааланды

Өлкөдө каттала турган өзгөчө кырдаал учурунда жарандардын коопсуздугун сактап, абалды ыкчам турукташтырууда тийешелүү органдардын күчү жана даярдыгы маанилүү. Демек, аталган күчтөрдүн тажрыйбасын ар убак жогорулатып туруу башкы мааниге ээ.

Бул максатта, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун 2022-жылга карата даярдык планына ылайык, өзгөчө кырдаал коркунучунда жана келип чыккан шартта Жарандык коргонуунунун кызматтарынын күчтөрүнүн ыкчам иш аракеттери боюнча штабдык машыгуу өткөрүлдү.

Маанилүү иш-чара КР ӨКМнин Бишкек, Ош шаарлары боюнча башкармалыктары тарабынан практикалык машыгуу уюштурулуп, онлайн көрсөтүлдү.

Ага ылайык, Радиоакдивдүү жана химиялык коркунучтуу заттар төгүлүүсүндө келип чыккан  өзгөчө кырдаалга чара көрүү аракети бааланды.

Штабдык машыгуу ӨКМдин баардык аймактык, түзүмдүк башкармалыктарында өткөрүлдү.