Өзгөчө кырдаал учурунда кантип коргонуу керек? Аймактарда көчмө окутуулар өтүүдө
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ УЧУРУНДА КАНТИП КОРГОНУУ КЕРЕК? АЙМАКТАРДА КӨЧМӨ ОКУТУУЛАР ӨТҮҮДӨ
КР ӨКМге караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору тарабынан бул ирет Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочуларына жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургундарына, айыл өкмөттүн кызматкерлерине окутуулар өткөрүлдү.
Ага ылайык, адистер түрдү кырсык, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, коргонуу эрежелери, ыкчам чара көрүү тууралуу кенен маалымат алышты.
Мындай көчмө окутуу борбордун 2023-жылдын иш мерчемине ылайык жүргүзүлүүдө.


