Өзгөчө кырдаалдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Нарын облусунун Жумгал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинин окуучуларына атайын пландын негизинде өрт кырсыктарынын алдын алуу, өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн өзү алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, авариялык куткаруу унаасындагы атайын каражаттар менен тааныштыруу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш чарага 15 мугалим, 255 окуучу катышып, окуучулар өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышты.