Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Баткенде

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына келди. Кечээ, 18-июнь күнү саат 18:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандан улам И.Жусубалиев, Ударная көчөлөрүндө сел суулары келип, 24 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн ичине жана жертөлөсүнө, социалдык объектилердин короолоруна сел суулары кирген.

Учурда сел сууларынан тазалоо иштерине ӨКМ жалпы 117 куткаруучу тартылып, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев шаар калкы менен жолугушуп, жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берүү менен, тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын билдирди.

Маалымат катары айтсак, катуу жааган жаандан Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Баткенде кийин шаарга “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.