Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев “Ага Хан” фондунун өкүлдөрүн кабыл алды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев “Ага Хан” фондунун өкүлдөрүн кабыл алды.

Эки тараптуу жолугушууга “Ага Хандын” Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү доктор Баркат Фазал жана аталган уюмдун программа жана менежмент боюнча жетекчиси Алтааф Хашам баш болгон өкүлдөр катышты.

Жолугушууда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен “Ага Хан” уюмунун кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери козголду.

Министр Бообек Ажикеев өз сөзүндө эки тараптын тең кызыкчылыгына шайкеш келген долбоорлордун үстүнөн биргелешип иш алып баруу буга чейин жемиштүү болуп келгенин билдирип, мындан ары ушул багытта улантууга даяр экенин белгиледи.

Ал эми Баркат Фазал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адам өмүрүнө коркунуч келтирүүчү табият кырсыктарынын алдын алууда аткарган зор эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.