Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек шаарындагы өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 17-мартта, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек шаарындагы өкүлдөрү менен жолугушту.

ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда өткөн жолугушууда тыгыз кызматташууну мындан ары да улантуу маселелери талкууланып, ӨКМ менен ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн 2022-жылдагы кызматташуу программасына кол коюлду.

Аталган программада Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу, табигый кырсыктардын тобокелчиликтерин башкаруу жана экологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу боюнча ЕККУ тарабынан көмөк көрсөтүү маселелери камтылган.

Долбоордун максаты табигый кырсыктардын алдын алуу жана радиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча ӨКМдин дараметин арттыруу боюнча эксперттик жана институттук колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бообек Ажикеев өз сөзүндө эки тараптын буга чейинки биргеликте аткарган иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу багытындагы ЕККУнун тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов министрдин сөзүн кубаттап, кызматташууну мындан ары улантып, өнүктүрүү максатын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов ЕККУнун өкүлдөрүн 112 кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Жолугушуунун соңунда министр Бообек Ажикеев Алексей Роговго жана экологиялык маселелер боюнча кеңешчи Дмитрий Прудцкихке ӨКМдин юбилейлик медалын ыйгарды.