Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин Мамлекеттик туу күнүнө карата куттуктоосу
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин Мамлекеттик туу күнүнө карата куттуктоосу
Кадырлуу мекендештер!
Жалпыңыздарды 3-март – Мамлекеттик туу күнү менен өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан куттуктайм.
Эгемендиктин жана эркин коомдун башкы символу бул – желек. Абалтан кыргыз эли өмүрдөн да намысты туу тутуп, бүтүндүк жана тынчтык үчүн күрөшүп келген. Ал кайраттуулук, эрдик жана баатырдык кыргыз тарыхында ташка тамга баскандай улут үчун сыймык, уул үчүн үлгү экени талашсыз.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары чейрек кылым убакыттан бери кызыл туусун кыйлага желбиретип, сыймыктуу жана татыктуу жашап келе жатат. Айрыкча улуттун учугун улап, өлкөнүн атын чыгарып жаткандар кырк нурлуу тууну асманга көтөрүп, дүйнө коомчулугуна таанытып жатканда желегибизди көрүп, көкүрөктү мекенге болгон сүйүү башкача ээлейт эмеспи. Андыктан жаркын келечектин, биримдиктин, жеништин белгиси болгон кызыл туу түбөлүк көктө желбирей берсин.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Өлкөбүз үчүн мааниси терең Мамлекеттик туу күнү менен жалпыңыздарды дагы бир ирет куттуктайм. Бир түндүк астында бириккен элибизде ынтымак, тынчтык болсун. Ар бир үй-бүлөдө бакыт, ырыскы, токчулук байырласын