Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жыл жыйынтыгы

“Өзүбүздүн ички реформаларыбыздын, текшерүүлөрдү күчөтүп, техникаларды туура пайдалануу менен жетишкендиктерге жеттик. 2014-жылдан бери аскер кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлбөй, негизги көйгөйлүү маселелердин бири катары болуп келген. Мына, 2022-жылдын 1-январынан тарта аскер кызматкерлери 50 пайыз жогорулатылган айлык акы ала башташат. Ал эми 2017-жылдан бери келе жаткан 103млн сомдук карыздан кутулдук.” – министр Бообек Ажикеев