Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Эргешевич Ажикеевдин Нооруз майрамына карата куттуктоосу

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атымдан 21-март – Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Эзелтен Нооруз – тирүүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы бабаларыбыз 21-мартта күн менен түн теңелип, жыл тогошконун баамдап жылдын жаңырышынын, сабырдуулуктун, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин жана ынтымакты чыңдаган улуу майрамды даңазалашкан.
Күн менен түндүн тогошуусуна дал келип, табияттын жандануусун, жаңы күндүн жана жаңы жашоонун башталышын жар салган жаңы жылыбыз куттуу болуп, элибизге берекелүү токчулукту, тынччылыкты, бакубат жашоону тартууласын!
Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, аркалаган ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшү, элибиздин жыргалчылыгы үчүн асыл максаттарды алдыңыздарга коюп, жаңы бийиктиктерди багындыра беришиңиздерге тилектешмин.
Терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Өзгөчө кырдаалдар министри​​​​​ Б.Э. Ажикеев