Өзгөчө кырдаалдар министрлиги басма сөз күнүнө карата ММК өкүлдөрүнө сыйлык тапшырды

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ БАСМА СӨЗ КҮНҮНӨ КАРАТА ММК ӨКҮЛДӨРҮНӨ СЫЙЛЫК ТАПШЫРДЫ
Өлкөдө “7-Ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү”. Бул күнгө карата бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин юбилейлик төш белгиси жана ардак грамотасы менен сыйланышты.
ММК өкүлдөрүн “Ала-арча” мамлекеттик резиденциясында министрдин орун басары Акылбек Мазарипов куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
Кыргызстан үчүн массалык маалымат каражаттарынын ачык-айкындуулугунун баасы өтө жогору экени талашсыз.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коомго өз убагында ачык, жеткиликтүү, ыкчам маалымат жеткирүүдө баасы жок эмгек кылган журналисттерге ыраазычылык билдирет!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР