Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир күндүк эмгек акысын которушту

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ БИР КҮНДҮК ЭМГЕК АКЫСЫН КОТОРУШТУ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамааты боордош Түркия элинин аза кайгысын тең бөлүшүп, жер титирөөдөгү кыйроонун кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүү чечимин кабыл алып, бир күндүк эмгек акысы – 4 622 407,4 сом которушту.
Түрк боордоштор, кыйын күндө биз сиздер менен биргебиз!
Кошумчалай кетсек, жер титирөөнүн очогу – Кахраманмарашта КР ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу иштерин аткарышууда.