Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиясы өткөрүлдү
Бүгүн, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен өткөн жылдын жыйынтыгын кароо коллегиясы өткөрүлдү
Ага Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев, КРнын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору Азамат Арзаматов жана министрликтин курамындагы аймактык башкармалыктардын, түзүмдөрдүн жетекчилери, өздүк курам катышты.
Алгач министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов күн тартибинде ӨКМдин 2022-жылдын көрсөткүчтөрү жана аткарылган иш-чаралары, каржылык маселелер тууралуу маалымат берди. Андан соң отурумдун жүрүшүндө 2023-жылга болгон планы жана сунуштары, приоритеттүү багыттары тиешелүү тармактын өкүлдөрү менен биргеликте талкууланды.
Коллегиянын жүрүшүндө өткөн жылы болуп өткөн табигый жана техногендик кырсыктарга токтолуп, материалдык зыяндар жана ошондой эле ӨКМдин аткарган иштеринин артыкчылыктары белгиленди.
Ошондой эле алдыдагы жылы табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, ар бир сезондук өзгөчө кырдаалдарга бардык тараптан күжүрмөн даярдыкка токтолушту.
Жыйын суроо -жооп форматында уланып, өз сунуштарын беришти.