Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түштүк борборунда Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

КР ӨКМГЕ КАРАШТУУ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ЧАРА КӨРҮҮ ТҮШТҮК БОРБОРУНДА ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түштүк борборунда 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Эне тилди сактоо жана аны урпактарга өткөрүп берүү ыйык милдет экенине баса белгиленип, Юнеско тарабынан бул майрамдын эмне үчүн ушул күндүн тандалып алынгандыгы тууралуу маалымат берилди. Салтанаттын жүрүшүндө кызматкерлерге эне тил күнүнө арналган баяндама жасалып, тил тууралуу макалдар айтылып, ырлар окулду.