Өзгөчө кырдаалдарга калктын даярдыгын жогорулатуу боюнча көчмө окутуу Түп районунда
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА КАЛКТЫН ДАЯРДЫГЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КӨЧМӨ ОКУТУУ ТҮП РАЙОНУНДА
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жана тургундарына ӨКМге караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо Борборунун кызматкерлери тарабынан атайы окутуулар өткөрүлүүдө.

Аталган борбордун “Көчмө окууларды уюштуруу” мерчемине ылайык, мекеменин Жарандык коргонуу кафедрасынын башчысы, подполковник М. Шерматов жеринде атайын дарстарды окуп, өтүүдө.




