Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча тобунун кезектеги жыйыны өттү
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ЖООП КАЙТАРУУНУ КООРДИНАЦИЯЛОО БОЮНЧА ТОБУНУН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
24-январда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жана Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравенин төрагалыгы менен Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча тобунун (ӨКЖКТ) кезектеги жыйыны өттү.
Жыйынга ЕККУ, USAID, ДАТП, “Чек арасыз дарыгерлер” уюмдарынын, Жапония, Германия, Нидерланды, Украина, Венгрия, Улуу Британия өлкөлөрүнүн элчиликтеринин өкүлдөрү ж.б. катышты.
Кезектеги отурумда Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча тобунун жыйынтыктары жана мындан аркы кызматташтыкты улантуу маселелери талкууланды.
Мындан сырткары жыйындын жүрүшүндө ӨК министри Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга кошкон салымы үчүн эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө сыйлыктарды тапшырды.
Сыйлык алгандардын тизмеси:
ӨКМдин “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн” медалы менен сыйлангандар:
Антье Гравье – Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору;
Кожиро Накай – БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкө директору;
Жыпар Мырзаналиева – ӨКЖКТнын координатору
ӨКМдин юбилейлик медалы менен сыйлангандар:
Бермет Молдобаева – БУУнун Эл аралык миграция боюнча агенттигинин жетекчиси;
Екатерина Накашидзе – ЕККУнун программалык кеңсесинин экономика жана экология департаментинин жетекчиси;
Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча тобу 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк тобун, “Кызыл крест” жана “Кызыл Ай” кыймылынын жана башка негизги тараптардын ортосундагы кызматташтыкты жана координацияны жакшыртуу, өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү гуманитардык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн.
ӨКЖКТнын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын министрлер өтүнүчү боюнча өзгөчө кырдаалдарга гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо жана ӨКЖКТ өнөктөштөрү менен башка негизги тараптардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.