Жүргүнчүгө тиешелүү жардамдар көрсөтүлдү

ЖҮРГҮНЧҮГӨ ТИЕШЕЛҮҮ ЖАРДАМДАР КӨРСӨТҮЛДҮ
Бүгүн, 23-май күнү Ош-Бишкек автоунаа жолунда жайгашкан К.Көлбаев атындагы Төө-Ашуу тоннелинде Бишкек-Кербен каттамы боюнча бара жаткан автоунаанын жүргүнчүсүнө алгачкы жардам боюнча кайрылуу түшкөн.
Аталган маалыматтын негизинде Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын нөөмөттөгү куткаруучулары медицина кызматкери менен биргеликте жетип барып, жүргүнчүгө тиешелүү алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.