Жакынкы күндөрү Кыргызстан 100 куткаруучусун Туркия мамлекетине жөнөтөт
ЖАКЫНКЫ КҮНДӨРҮ КЫРГЫЗСТАН 100 КУТКАРУУЧУСУН ТҮРКИЯ МАМЛЕКЕТИНЕ ЖӨНӨТӨТ
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия мамлекетине жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга урандылардын астында калган адамдарды издөө, куткаруу иштерине 12-февралда эки учак менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 100 куткаруучу жана гуманитардык жардам жөнөтүлөт.
Учурда табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүүгө даярдык көрүлүүдө. Тактап айтканда, 120 боз үй, куткаруучулар жашай турган 20га жакын жылууланган аскер чатыры жана бардык шарттары менен талаа госпиталына ылайык 1 чатыр жиберилет.
Ошондой эле жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн куткаруу шаймандары, 100 куткаруучу, хирург, травматолог, нейрохирургдан турган 6 врач, фельдшерлерден, турган атайын топ экинчи учак менен барат. Дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.
Эске салсак, буга чейин кырсык болгон күнү жардам берүүгө курамында врачы психологу, фельдшерлери, кинологдору бар 67 куткаруучу жөнөтүлгөн.



