Жалал-Абад: 200гө жакын жаран облус аймагына жайгаштырылды
Облус аймагына Баткен жергесинен келген 197 жаран туугандарынын үйүнө жана “Бакыт” облустар аралык реаблитациялык борборуна жайгаштырылып, керектүү шарттар түзүлдү.
Аларга жарандардан жана жеке ишкерлерден чогулган азык-түлүк, тамак аш, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар бөлүнүп жерине жеткирилүүдө.
Андан сырткары Баткенден келген жарандарды кабыл алуу үчүн облус аймагында 1200 орундук даярдалды.




