Жалал-Абад: “5-октябрь-Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнүн” алкагында куткаруу иштерине колдонулуучу шаймандар сатылып алынды

КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын материялдык техникалык базасын чыңдоо максатында Облустук Өнүктүрүү фонду тарабынан 4 372 600 сом акча каражаты бөлүнгөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн каражатка куткаруу жумуштарында кыйнчылыктарды жараткан шаймандардын жетишсиздиги эске алынып, 21 даана суу сордуруучу мотопомпа, 1 даана Дөнгөлөктүү мотопомпа, 13 даана DJL Air 2 дрону, 1 даана моторафт кайыгы жана 20 даана Түтүндү каанада колдонулуучу АСВ аппараты
сатылып алынган.
Бул күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлү Жарандык коргонуу кызматынын башчысы Абсаттар Сыргабаев аталган шаймандарды тапшыруу иш-чарасына катышып, өздүк курамдын кызматкерлерине ийгиликтерди каалады.