Жалал-Абад 500 чарчы метрди түзгөн мал сарай күйдү

Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө жайгашкан Көдүл тилкесинде мал сарай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоо чыккан жерге №97 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылып, кечки саат 20:27де чектөөгө алынып өчүрүлгөн.
Күйгөн мал сарайдын жалпы аянты 500 чарчы метрди түзөт.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.