Жалал-Абад: 569 турак жайга кооптуулук жаралды

Көк-Арт дарыясынын 10-коргоочу тосмосунун сол жээгинин 15 метр аралыгына жана Жалал-Абад шаарындагы Живпром участогундагы 569 турак үйгө, 11 мекеме ишканага кооптуулук жаралды.

Азыркы тапта жеринде облустук Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмү тарабынан дарыя жээгин бекемдөө жумуштары жүрүүдө.

Учурда Көк-Арт дарыясында секундасына 50 куб суу агууда.