Жалал-Абад: 60тан ашуун мектепте ачык сабактар өткөрүлдү

5-октябрь кырсыктардын тообокелдигин азайтуу күнүнө карата КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча бакшармалыгын район, шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан 60 тан ашуун жогорку жана орто билим берүү мекемелеринде ачык сабактар өткөрүлүүдө.
Табийгый жана техногендик кырсыктар тууралуу маалыматтар окуучуларга айтылып, ар кандай кырсыктар катталган учурда “101” жана “112” номерине байланышуу керек экендиги баса белгиленди.
Мындан сырткары келечек ээлерине “КAMAZ” АЦ-6-40 жана Авариялык куткаруу автоунаасында камтылган шаймандар көрсөтүлүп, өрт чыккан учурда колдону эрежелери айтылды.