Жалал-Абад: 74 турак үйдүн короо жайын суу каптады

15-март күнү саат 11:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам кокту-колоттон чогулган суулар Жаңы-Базар, Курулуш, Кара-Ой айылдарындагы 74 турак үйдүн короолорун каптап, анын ичинен 1 турак үйгө суу кирип, 11 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралган.

Аталган жайга Чаткал райондук №81 ӨКБдан 5 куткаруучу жана жарандык коргоону кызматтарынан 74 адам тартылып, суулардын нугу бурулуп, мотопомпанын жардамы менен корого толгон суулар сордурулган.

Бүгүн суулардын нугун буруу иштери уланууда.