Жалал-Абад: Айдоочу, узак жолдо абайлаңыз!
ЖАЛАЛ-АБАД: АЙДООЧУ, УЗАК ЖОЛДО АБАЙЛАҢЫЗ!
Ноокен, Базар-Коргон райондук жана Таш-Көмүр шаардык ӨКБнүн өздүк курамы, РИИБнин ЖКККБнин жана тез жардам кызматы менен биргеликте транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында узак жолго чыккан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Оор жүк ташуучу унаалар, жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил унаалардын айдоочулары токтотулуп, жол боюна коюлган белгилерге маани берип, ылдамдыкты ашырбоо жагы эскертилди.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 598 жол кырсыгы катталып, автоунаа ичинен чыга албай калган жарандарды чыгаруу максатында 23 ирет кайрылуу боюнча адам өмүрүн сактап калган учурлар катталган.

