Жалал-Абад: Благовещенкодо үйдөн өрт чыкты

ЖАЛАЛ-АБАД: БЛАГОВЕЩЕНКОДО ҮЙДӨН ӨРТ ЧЫКТЫ
Бүгүн, 26-январда Сузак районунун Благовещенко айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.
Кырсык катталган дарекке райондук №65 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Буга кошумча саат 7:52де Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жалпы 2 бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 8:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымы такталууда.