Жалал-Абад: Үч аймакта кар көчкү түштү

6-март күнү Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымында болжол менен  3100 м3, ал эми Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 99-101-чакырымында болжол  менен 558 м3, Торкен-Толук  автоунаа жолунда болжол менен 840 м3 кар көчкү түшкөн.

Буга байланыштуу Токтогул, Чаткал райондук ӨКБ өздүк курамы менен биргеликте Жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылып, жолду  тазалоо жүмуштары жүргүзүлдү.

Учурда аталган жол каттамдары ачык.

Өлкө аймагында аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө  байланыштуу  узак жолго чыккан айдоочуларга унаалар ортосунда 500 метр аралыкты так сактоону ӨКМ эскертет.