Жалал-Абад: Чукул чечим кабыл алынды
Майлуу-Суу шаарында саат 21:00гө карата облустук жарандык коргонуу башчысынын орун басары Э.Маматаев жана КР ӨКМ Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закиров баштаган мекеме-ишканалар жана район, шаардык Жарандык коргонуу кызматтары менен координациялык жыйын өткөрүлүп, чукул чечимдер кабыл алынды.
Жыйында катуу сууктан тоңгон суу түтүктөрүн (дөңгөлөктөрдү күйгүзүү) мүмкүн болбогон 2 чакырым 2 ветка аралыгы техника жана кол каражаттарынын жардамында казылып, шаар аймагына келүүчү белгиленген аймакка суу түтүктөрү жаңыдан орнотулаары маалымдалды.
Саат 22:00дөн тартып шаардык жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан техника тартылып, калкты жылуулук, таза суу жана суу түтүкчөлөрүн тез убакыт аралыгында ишке киргизүү чечими кабыл алынды.